Өкмөттө санариптештирүүнү киргизүү маселелери боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны өттү

Өкмөттө санариптештирүүнү киргизүү маселелери боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны өттү

Ошентип, жыл башынан бери өлкөдө субсидиялардын бирдиктүү мамлекеттик маалымат системасы ишке кирди. 1 миллиард теңгеден ашык каражатты үнөмдөп, бардык дыйкандарга мамлекеттик субсидияларды акысыз бөлүштүрүүнү камсыз кылат. Ачык-айкындуулукту камсыздоо үчүн кезек күтүүлөр түзүлүп, арыздардын бирдиктүү реестри киргизилип, аймактар ​​жана субсидиялар боюнча «мамлекеттик бюджет» функциясы ишке киргизилди. Премьер-министр Айыл чарба министрлигине платформанын функционалдуулугун иштеп чыгуу, облусттук акимчиликтрге субсидияларды өз убагында төлөп берүү, жылдын аягына чейин дыйкандар менен бирге талааларды санариптештирүү зарылдыгын белгиледи. Казакстанда дагы бир керектүү санарип платформа иштей баштады. Бул жер астындагы колдонуучулар үчүн бирдиктүү платформа. Ал мамлекеттик функцияларды автоматташтыруу аркылуу пайдалуу кендерди чалгындоого же өндүрүүгө лицензия берүү жараянын жөнөкөйлөтүү жана тездетүү максатында иштелип чыккан. Платформа аркылуу дараметтүү инвесторлор суралган аймак тууралуу толук маалымат ала алышат. Бүгүнкү күндө сайтта иш уланууда, жакын арада геологиялык маалыматтарды жана отчетторду санариптештирүү жана жүктөө, ошондой эле бир катар башка маалыматтарды жаңыртуу пландалууда. Өкмөттүн жыйынында айлана-чөйрөнүн жана жаратылыш ресурстарынын абалы боюнча улуттук маалымат банкын түзүү маселеси да каралды. Платформа реалдуу убакыт режиминде ар кандай экологиялык маалыматтарды чогултууну жана талдоону камсыз кылууну көздөйт. Аны ишке киргизүү бештин  айына белгиленген.

Которгон: Илгиз Жамалбеков