Үстүбүздөгү жылы эскирүү көрсөткүчү 75%дан ашкан 47 байланыш долбоорун ишке ашырууга 69 миллиард 400 млн теңге бөлүнгөн. Бул каражатка республика боюнча 107 чакырымга жакын жылуулук тармактарын жаңылоо пландалууда. Өкмөттүн жыйынында алдыдагы жылытуу мезгилине даярдык маселеси каралды. Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, учурда Акмола жана Павлодар облустарынын жылуулук тармактарын реконструкциялоо жана модернизациялоо үчүн өкмөттүн резервинен 13 миллиард теңгеден ашык каражат бөлүү маселеси иштелип жатат. Атап айтканда, Экибастуз шаарындагы 4 жылуулук магистралын реконструкциялоо жана Павлодар шаарында жаңы жылуулук линияларын куруу мерчемделген. Ошондой эле, Марат Карабаев Алматы, Астана жана Шымкент шаарларынын жергиликтүү аткаруу органдарын келерки жылытуу мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында туруктуу жылуулук менен камсыздоо боюнча зарыл чараларды көрүүгө чакырды.
Марат Карабаев, индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министри:
Жылытуу мезгили аяктагандан кийин 2023-жылдын кулжа айынын 1не чейинки мөөнөттө жылуулук тармактарынын абалына техникалык кароо жүргүзүү жана жеке тармактарды муниципалдык менчикке өткөрүүнүн максатка ылайыктуулугун кароо; 2023-жылдын аягына чейин курулуш-монтаждоо иштерин 2024-жылы камсыз кылуу үчүн долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгууну аяктоо; жай мезгилинде туюк жерлерде жана көмүр чуңкурларында көмүр корлорун чогулта баштоо; соода биржасынын ачык иштешин жана көлөмдөрдү бирдей бөлүштүрүүнү камсыз кылууга милдеттүү.
Өз кезегинде министрлер кабинетинин башчысы Алихан Смаилов баяндамачыларды угуп, өкмөткө жылуулук тармактарын сапаттуу жана өз убагында алмаштырууну тапшырды.
Алихан Смаилов, Казакстандын Премьер-министри:
Облустук администрациялар Энергетика, индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрликтери менен биргеликте бардык турак жай-коммуналдык объектилерди, турак жай-социалдык сектор объекттерин алдыдагы 2023-2024-жылкы жылытуу мезгилине даярдоо боюнча иш-чаралардын планын бекитип, аны тез арада ишке ашырууга киришүү кажет. Индустрия министрлиги Энергетика министрлиги жана облус акимдери менен биргеликте кулжа айынын 1не чейин учурдагы жылуулук тармактарынын абалын техникалык кароодон өткөрүүгө тийиш.