Бразилияда 5-11 жаш аралыгындагы балдарды вакцинациялоо өнөктүгү башталды

Бразилияда 5-11 жаш аралыгындагы балдарды вакцинациялоо өнөктүгү башталды

Рио-де-Жанейродо «Мектептеги вакцина» акциясы башталды. Анын алкагында 5 жаштан 11 жашка чейинки окуучулар эмдөөдөн өтүүдө. Бир күндүн ичинде эле 100 миң өспүрүм вакцина алган. Бирок бул жергиликтүү бийлик мерчемдегенден 2 эсе аз көрсөткүч. Саясатчылар жана медицина кызматкерлери ата-энелерге COVID-19га каршы күрөшүүдө вакцинанын маанилүүлүгү жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Белгилей кетсек, Бразилия бул илдеттен эң көп жабыркаган өлкөлөрдүн бири. Жергиликтүү Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери 600 миңден ашуун бразилиялык коронавирустан көз жумган.

Люсинда Морено Фрейре, мектеп мүдүрү:

- Бир күндө биздин окуучулардын 47% эмдөөдөн өттү. Мектепте коопсуз шарттарды түзүү үчүн бул көрсөткүчтү 53 пайызга жеткирүүнү мерчемдеп жатабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков