Казакстандын экономикасынын өсүү темпи 4% га чейин тездеди. Мындай маалыматтарды Евразия өнүктүрүү банкы 6 катышуучу-өлкө үчүн өзүнүн макроэкономикалык баяндамасында келтирет. Каржы институттун аналитиктери өлкөдөгү ишкердик жигердүүлүктүн кеңейишин кызмат көрсөтүү жана соода тармагындагы оң динамика менен байланыштырууда. Экономисттердин айтымында, Казакстандын 10 жылдык доллар облигацияларын эл аралык капитал рыногуна ийгиликтүү жайгаштыруусу ишенимди баса белгилеп, чет элдик инвесторлордун республиканын экономикасына кызыгуусун көрсөтүүдө. Евразия өнүктүрүү банкына мүчө бардык катышуучу өлкөлөргө келсек, жыл башынан бери жалпы ИДӨ 4,2% га өстү. Бул жигердүү ички суроо-талап менен түшүндүрүлөт. Серепте ошондой эле Азиянын, Европанын жана Жакынкы Чыгыштын ортосундагы кургактагы транспорт коридорлорун камтыган жаңы логистикалык маршруттарды өнүктүрүүнүн эсебинен Евразия чөлкөмүнүн дүйнөлүк экономикага тийгизген таасирин белгилейт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков