Өкмөттө мамлекет башчысынын кайрылуусун ишке ашыруу чаралары талкууланды

Өкмөттө мамлекет башчысынын кайрылуусун ишке ашыруу чаралары талкууланды

Казакстандын экономикасынын өсүү ыргагы жана көлөмү 2029-жылга чейин эки эсеге өсөт. Мунун баары мамлекет башчысынын кайрылуусунда коюлган милдеттердин аткарылышынын аркасында. Аларды жүзөгө ашыруу үчүн иш-чаралардын планы иштелип чыккан. Ал жаңыланган курамда биринчи жолу өткөн өкмөттүн жыйынында сунушталды. Документ 100 иш-чарадан турат. Анын алкагында агроөнөр жай комплексине өзгөчө көңүл бурулууда. Бул сектордо терең кайра иштетүү үчүн инвестициялык субсидиялардын нормалары дароо эки эсеге көтөрүлөт. Мындан тышкары, Улуттук экономика министрлигинин башчысынын айтымында, IT тармагы да көңүл борборунда. Мындай кызматтардын экспортунун көлөмүн миллиард долларга чейин көбөйтүү максатында президенттин тапшырмасы боюнча үч жылдан кийин Түштүк-Чыгыш Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө IT хабдар ачылат. Дегеле тармакка көңүл бурууну күчөтүү максатында мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилет. Ошондой эле, алар инвесторлорду венчурдук каржылоого жана өлкөдө ири маалымат борборлорун курууга үндөйт. Мындан тышкары, Алибек Куантыров күч-аракет транспорттук-логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашырууга, жолдорду реконструкциялоого, ошондой эле билим берүүнү жакшыртууга жана башка тармактарга багытталарын кошумчалап өттү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков