Казакстанда кореялык банк ачылат

Казакстанда кореялык банк ачылат

Казакстанда дагы бир банк пайда болушу мүмкүн. Президент кореялык каржы компаниясынын мүдүрлөр кеңешинин төрагасы Бин Дэ Инди кабыл алды. Мамлекет башчы компаниянын BNK Finance Kazakhstan микрокаржы уюмун толук кандуу экинчи деңгээлдеги банкка айландыруу ниетин кубаттады. Касым-Жомарт-Токаевдин айтымында, Түштүк Кореянын алдыңкы банкынын Казакстанда иштеши эки өлкөнүн соода жана инвестициялык кызматташтыгын бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Мадина Абилкасымова, каржы рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү агенттигинин төрайымы:

– Бүгүн биз расмий түрдө BNK Finance Kazakhstan микрокаржы уюмуна экинчи даражадагы банкка айлануусуна уруксат бердик. BNK Finance Kazakhstan Түштүк Кореянын BNK Finance холдингинин бир бөлүгү. Алар эң ири кореялык конгломераттардын катарына кирет. Алар дүйнөнүн 8 өлкөсүндө иштешет. Алардын арасында Индия менен Кытай да бар. Банктын активдери 129 миллиард долларды түзөт.

Корея инвестициялары Казакстандын энергетика тармагын өнүктүрүүгө катышат

Президент суу ташкыны учурунда өлкөгө көрсөткөн жардамы үчүн кореялык Doosan Group компаниясына ыраазычылык билдирди. Мамлекет башчы компаниянын төрагасы Чжеонг Вон Пак менен Doosan Enerbility компаниясынын төрагасынын орун басары Ён Ин Чонгду кабыл алды. Коноктор Касым-Жомарт Токаевге Түркестан облусунда кубаттуулугу 1 ГВт болгон буу-газ электр станциясын куруу долбоорунун жүрүшү, ошондой эле компаниянын Атырау облусунда «Карабатан» газ турбиналык электр станциясын кеңейтүүгө катышуусунун келечеги тууралуу маалымат берилди. 

Казакстан менен Түштүк Корея геология тармагында кызматташтыкты бекемдейт

Мамлекет башчынын KIGAM президенти Пёнг-Ку Ли жана SK Ecoplant вице-президенти Хансоль Пэк менен жолугушуусунда Казакстандын Түштүк Корея менен геологиялык чалгындоо жана тоо-кен казып алуу тармагында кызматташуусунун келечеги талкууланды. Касым-Жомарт Токаевге Чыгыш Казакстан облусундагы литий кенинде жүргүзүлүп жаткан чалгындоо иштери тууралуу маалымат берилди. Мамлекет башчы инвесторлорго «чийки заттын ордуна инвестиция жана технология» прагматикалык формуласы боюнча кызматташууну түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков