Жыл
башынан бери Казакстанда 13 жарым миңден ашуун адам кандаш макамын алды. Өлкөнүн Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин маалыматы боюнча,
этникалык казактардын 55%дан ашыгы тарыхый мекенине Өзбекстандан келишкен.
Калгандары Кытай, Моңголия, Орусия, Түркмөнстан жана башка мамлекеттерден.
Тарыхый мекенине кайтып келгендер республиканын ар кайсы аймактарында
отурукташкан. Муну менен катар Акмола,
Абай, Костанай, Павлодар, Чыгыш жана Түндүк облустары сыяктуу жумушчу күчү
жетишсиз аймактарга көчүп келгендер үчүн субсидия түрүндө, ошондой эле турак
жайды ижарага алуу жана коммуналдык кызматтарды төлөө түрүндө мамлекеттик
колдоо чаралары сунушталат. Белгилей кетсек, быйылкы жылдын этникалык жер
которгондордун 16%ы жогорку, 36%ы орто кесиптик билимге, калган 40%ы жалпы орто
билимге ээ.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков