Костанай облусунда абал көзөмөлгө алынды. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү штабынын жыйынында билдирди. Мамлекет башчысы өрттү толук жана тез өчүрүү үчүн бардык мекемелердин үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга багытталган бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди. Мындан тышкары, үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон жарандарга ар тараптуу колдоо көрсөтүү маанилүү экенин белгиледи. Өкмөткө жана Костанай облусунун акимдигине жабыркаган тургундарга тез арада компенсация төлөп берүү тапшырмасы берилди. Ошондой эле, Ички иштер, Өзгөчө кырдаалдар жана Коргоо министрликтери бөлүмдөрүнүн өздүк курамы, өрткө каршы ыктыярчылар менен жолугушту. Президент өзгөчө кырдаалды жоюуга катышкан бардык жарандардын эрдиги үчүн ыраазычылык билдирди.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Биздин милдет - баарыдан мурда табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча бардык зарыл чараларды көрүү. Өрт дагы деле уланууда. Аны толугу менен ооздуктоо зарыл. Башка аймактарга да жайылып кеткенин айттым. Андыктан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдында өтө татаал иш турат. Мындан тышкары, бул окуядан сабак алышыбыз керек. Бирок эң негизгиси, тиешелүү министрликтен же башка укук коргоо органдарынан болсун, конкреттүү алгоритмдин жоктугуна көңүл бурдургум келет.
Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча штабдын жыйынынан кийин мамлекет башчысы Аулиекөл айылындагы мектепте жайгашкан эвакуациялоо пунктуна барды. Бул жерде ал өрттөн жабыркаган жарандар менен жолугушту. Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, өкмөт эки же эки жарым айдын ичинде жаңы үйлөрдү курат. Мамлекет башчысы гуманитардык жардам бөлүштүрүүчү пункттун иши менен да таанышып чыкты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков