Казакстанда
жети миллионго жакын бала жашайт, бул өлкөнүн калкынын үчтөн бир бөлүгү. Акыркы
10 жылда алардын саны 1,5 миллионго көбөйгөн жана коргоо маселелери мамлекеттин
социалдык саясатында негизги орунду ээлейт. Бул иш жаңы Конституцияда
белгиленген балдарга кам көрүү жана аларды тарбиялоо принцибине негизделет.
Президент Касым-Жомарт Токаевдин демилгеси менен 2024-2025-жылдары балдардын
укуктарын жана коопсуздугун чыңдоого багытталган бир топ мыйзамдар кабыл
алынды. Казакстандын ар бир аймагында балдардын укуктарын коргоо боюнча
башкармалыктар түзүлгөн. Өлкөдө мектепке чейинки билим берүү менен камсыз кылуу
96 пайызга жетти, ал эми бардык жаштар акысыз орто билим менен камсыз болушту.
Республикада жаңы окуу жайлардын курулушу активдүү жүрүп жатат, анын ичинде
улуттук долбоорунун алкагында «Ыңгайлуу мектептер». 6 жылдын ичинде 1 миңден
ашуун билим берүү мекемеси курулган.
Шынар
Акпарова, Казакстандын билим
берүү вице-министри:
– Мамлекет башчысынын
тапшырмасына ылайык, «Казакстандын балдары» 2026-2030-жылдарга концепциясы
иштелип чыкты, документ балдардын коопсуздук, билим берүү, саламаттыкты сактоо,
үй-бүлө жана социалдык коргоо чөйрөсүндөгү укуктарын камтыган 4 артыкчылыктуу
багытты аныктайт. Учурда өлкөдө 7 миллионго жакын бала жашайт, бул калктын 34%
түзөт.
Которгон: Назира Бегалиева

