Жүргүнчү ташыгандардын кирешеси 40 миллиард теңгеден ашты

Жүргүнчү ташыгандардын кирешеси 40 миллиард теңгеден ашты

Казакстанда бир жылдын ичинде автобус менен жүргүнчүлөрдү ташуу 17 пайызга өстү. Быйылкы жылдын башынан берки беш айда бул тармактагы ишканалардын кирешеси 40 миллиард теңгеден ашты. Ranking.kz порталынын маалыматына ылайык бул убакыт аралыгында 2 миллиардга жакын казакстандык автобус менен көздөгөн жерине жеткен. Мындан тышкары, жүк ташуу менен алектенген компаниялардын кирешеси 40 пайызга өсүп, 104 миллиард теңгеден көп болду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков