Түркияда Казакстандын эгемендүүлүгүнүн жана эки өлкөнүн дипломатиялык карым-катнаштарынын 30 жылдыгына карата көргөзмө уюштурулду. Көргөзмөгө коюлган тарыхый сүрөттөрдүн арасында түрк тилдүү мамлекет башчыларынын Түркестандагы жолугушуусу, Динмухаммед Конаевдин Түркияга алгачкы сапары, Анкарадагы казак элчилигинин пайдубалынын түптөлүшү сыяктуу тарыхый баалуу окуяларга негизделген фото-сүрөттөр бар. Буга кошумча, Стамбулда Абдивакап Каранын Мустафа Шокай китебинин бет ачары болду.
Абдивакап Кара, тарых илимдеринин доктору, профессор:
- Мустафа Шокай казак элинин гана эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн улуу инсаны катары бааланат. Ошондуктан Түркия Республикасы өзүнүн 100 жылдык мааракесинде Мустафа Шокайды 100 улуу инсан сериясынын биринчи томдоруна киргизген. Бул казактар үчүн сыймык.
Которгон: Илгиз Жамалбеков