Казакстан менен Индия
экономикалык кызматташтыкты бекемдеп келет. Бир гана 2025-жылдын алгачкы
жарымында эле өлкөлөр 505 млн долларга соода жүргүзгөн. Анын тең жарымына
жакыны казакстандык экспорттун үлүшүнө тиешелүү. Индия рыногуна ата мекендик
жеткирүүлөрдүн ылдамдыгы быйыл кулжа айында кескин артканы байкалат. Бир айдын
ичинде эле ал жакка 180 млн доллардын өнүмү жиберилген. Казакстан Индияга
негизинен мунай, фосфор жана металл ташыйт. Ал эми индия эли дары-дармек, чай
жана өнөр жай жабдууларын экспорттойт. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча арадагы
жалпы товар алмашуу 900 млн долларга жетти. Тараптар көрсөткүчтү эселетүүгө
кызыкдар. Дипломаттар фармацевтика, медицина, IT, энергетика тармактарында
кызматташтык мүмкүнчүлүгү зор деп эсептейт.
Сайлас
Тангал, Индиянын Казакстандагы элчиси:
- Казакстандын
жер асты байлыктарга, анын ичинде алтынга бай. Индия бул баалуу металлдын
дүйнөдөгү ири керектөөчүсү, ал эми Казакстан - ири өндүрүүчүлөрдүн бири. Бул өз
ара аракеттешүүнүн ачык мисалы. Башкача айтканда, жергиликтүү зергерчилик
буюмдарды Индия активдүү сатып алуу аркылуу дүйнөдө аларга болгон жогорку
суроо-талапты камсыздайт. Мунай боюнча да дал ушундай өнөктөштүк түзүүгө болот.
Казакстан ири мунай өндүрүүчү, ал эми Индия - анын ири импорттоочуларынын бири.
Жалпысынан өз ара сооданы өнүктүрүүнүн дагы дарамети зор деп эсептейм.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

