Алматы облусунда вольфрамды кайра иштетүүчү заводду, Жетису облусунда республикадагы биринчи толук циклдуу аккумулятор заводун, Жамбыл облусунда жаңы сүт заводун куруу белгиленген. Өкмөттө түштүк аймактардагы ишкерлерди колдоо чаралары талкууланды. Анда премьер-министр Алихан Смаилов бизнес өкүлдөрү менен жолугушту. Өкмөт башчы белгилегендей, жогоруда аталган 4 түштүк облустун бардыгында өткөн 7 айдын жыйынтыгы боюнча кайра иштетүү өнөр жайы жана агро өнөр жай комплекси тармактарында оң өнүгүү динамикасы байкалды. Мындан тышкары курулуш иштерине жана негизги капиталга инвестициялардын көлөмү өстү. Өз кезегинде ишкерлер учурдагы долбоорлору жана жаңы ишканаларды ишке киргизүү боюнча пландары менен бөлүшүштү. Буга кошумча өкмөт башчысы металлургия, эт-сүт, канаттуулар жана пахта чарбаларын колдоо менен «Хоргос – Чыгыш дарбазасы» атайын экономикалык аймагынын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча өз сунуштарын айтты.
Мира Махмудова, ишкер:
Биздин ишкана “Хоргос – Чыгыш дарбаза” атайын экономикалык аймагынын аянтында жайгашкан. Учурда долбоордун кубаттуулугу жылына 74 миллион даана өндүрүшкө жөндөмдүү. Долбоор толугу менен чет элдик инвестицияны тартуу аркылуу ишке ашты. Бүгүн борбор калаада өкмөт башчы менен жолугуштук. Жыйында кичи жана орто бизнес маселелери көтөрүлдү. Бүгүн биз айткан бардык сунуштар оң жагына чечилет деп ишенебиз. Премьер-министр, жалпы өкмөт мүчөлөрү бизнести колдоого кызыкдар экенин көрдүк.
Ошондой эле, Өкмөт башчысы «Атамекен» Улуттук палатасы менен биргеликте бизнеске жагымдуу шарттарды түзүү боюнча системалуу иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын билдирди. Алихан Смаилов белгилегендей, экономикалык өсүштү 10% арттырууга болот. Бул үчүн комплекстүү чаралар колго алынган.
Алихан Смаилов, Казакстандын Премьер-министри:
Ыңгайлуу бизнес чөйрөсүн камсыз кылуу үчүн ишкерлер үчүн ашыкча талаптарды кыскартууга багытталган жаңы жөнгө салуу саясаты киргизилүүдө. Мындан тышкары, жөнгө салуу принциптерин таза барактан киргизүү үчүн мамлекеттик көзөмөлдөө менен контролдоо жол-жоболору мыйзам тарабынан жөнөкөйлөтүлөт жана автоматташтырылат. Маалым болгондой, салыктык тескөө жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүүгө жана санариптештирүүгө багытталган жаңы Салык кодексин иштеп чыгуу боюнча иштер жүрүп жатат. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө жаңы мыйзам долбоорунун алкагында сатып алуу процесстерин жөнөкөйлөштүрүү жана толук автоматташтыруу мерчемделген. Бул атаандаштыкка жөндөмдүү чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө кошумча шык берет. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк институту инфраструктуралык долбоорлорду куруп жатат. Ал толугу менен бизнести шыктандырууга жана социалдык объектилерге инвестиция тартууга жумшалат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков