Казакстанда 2025-жылга чейин жергиликтүү жолдордун 95%ын стандарттуу абалга келтирүү көздөлүүдө. Бул аймактардын борбор менен ички транспорттук байланышын камсыздоо максатында жасалууда. Бул тууралуу өлкөнүн Индустрия жана инфраструктуралык өнүктүрүү министрлиги билдирди. Ал эми 2022-жылга карата жолдорду 85% га чейин стандарттык абалга келтирүүнү пландап жатышат. Жалпысынан быйыл аларды курууга жана реконструкциялоого 370 миллиард теңгеге жакын каражат бөлүнгөн.
Толеген Абдуллин, Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигинин автоунаа жолдору комитетинин төрагасы:
Быйыл жалпы пайдалануудагы 11 миң километрден ашык жолдордо курулуш-монтаждоо иштери жүрүп жатат. Республикалык тармак боюнча 4000 чакырымды куруу жана реконструкциялоо иштери жүрүүдө. Анын 1000 чакырымдан ашыгын бүтүрүп жатабыз. Капиталдык жана орто оңдоо иштери 3 миң чакырымдай жолду камтыды. Анын 900 чакырымдайы бүткөрүлүүдө. Жергиликтүү жол тармагында оңдоолордун бардык түрлөрү 4,6 миң чакырым жолду камтыса, анын 2,6 миң чакырымы бүтүп жатат. 2023-жылдын планына ылайык, республикалык маанидеги 3,5 миң чакырымга жакын жолдорду оңдоо-түзөө иштери жүргүзүлөт.
Superpave технологиясы өлкөдөгү автомагистралдык жолдордун сапатын жакшыртуу жана алардын тейлөө мөөнөтүн узартуу үчүн колдонулат. Бул жаңы ыкма боюнча жолдорду долбоорлоодо ар бир аймактын климаты жана температурасы, кыймылдын интенсивдүүлүгү эске алынат. Ар бир аймак үчүн асфальт-бетон аралашмалары, битум, шагылдын өзүнчө курамы түзүлөт. Бул жаңы технология өлкө башчынын автожол тармагын реформалоо боюнча тапшырмасын аткаруу максатында киргизилет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков