Казакстандын каржы рыногунда ишкердик активдүүлүк өстү

Казакстандын каржы рыногунда ишкердик активдүүлүк өстү

Бул тууралуу Улуттук банктын Акча-насыя саясаты департаментинин мүдүрү Рүстем Оразалин билдирди. Деген менен индекс мурдагыдай эле терс зонада. Жалпысынан бештин айында 49,2 болгон. Индекстин жакшырышына жаңы буйрутмалар жана өндүрүштүн көлөмүнүн өсүшү өбөлгө түздү. Бул жерде өсүү темпи 50 баллдан жогору болуп. Курулуш тармагында да олуттуу өсүш бар. Башка секторлордо көрсөткүч 50дөн төмөн болду. Тоо-кен тармагында өндүрүштүн жаңы көлөмүнүн, жумуш менен камсыз кылуу деңгээлинин төмөндөшүнөн жана жеткирүү мөөнөтүнүн узактыгынан улам ишкердик жигердүүлүк бир аз төмөндөдү. Ишканалар азыркы кездеги бизнестин шарттарына дагы эле терс баа берип жатышат. Ошентип, бизнестин бүгүнкү жана келечектеги шарттарына орточо баа берүүчү ишкердик жүргүзүү климатынын индекси 2,6га чейин төмөндөгөн. Бирок, бизнес-топтун өкүлдөрү коммуникациянын жеткиликтүүлүгүн жана даяр өнүмгө  болгон суроо-талапка оң баа беришти.

Которгон: Илгиз Жамалбеков