Казакстан
иштелип жаткан алты космос аппаратынын үчөөнүн экспортунан 75 миллион долларга
чейин киреше табат. Алар Нигерияга, Конгого жана Монголияга жөнөтүлөт. Жерди
орточо чечимдүүлүктө дистанциялык зонддоо боюнча биринчи спутниктерди 2027-жылы
эле учуруу пландаштырылууда. Бул пландар тууралуу Алматы шаарында өткөн Space
Days Kazakhstan эл аралык форумунда жарыяланды. Ага дүйнөлүк аэрокосмостук
тармактын 60 өлкөдөн келген 700дөн ашуун өкүлү катышты. Форум спутниктерди
биргелешип пайдалануу, тажрыйба алмашуу жана долбоорлорду өнүктүрүү боюнча
меморандумдарга кол коюу менен аяктады.
Кайыржан Кожаев, «Казакстан космос сапары» башкармалыгынын
төрагасы:
- Биз акыры экспорт этабына чыгып жатабыз, муну бизден көптөн бери күтүшкөн. Ал жакта биздин борттук компьютер, энергия менен камсыздоо системасы сыяктуу компоненттерибиз колдонулат. Айрым компоненттер дагы эле сатылып алынат, бирок дизайны, чогултуу, сыноо, конууга даярдоо жана бардык коштоо иштери биздин инженерлер тарабынан жасалат.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

