Актөбөлүк археологдор шаардын жанынан б.з.ч. VI-V кылымдарга таандык Сармат доорунун бир нече көрүстөндөрүн табышты. Жалпысынан тогуз көрүстөн табылган. Анда 20 адамдын сөөгү жана байыркы адамдардын көптөгөн турмуш-тиричилик буюмдары болгон. Алардын арасында алтындан жана колодон жасалган зер буюмдар, ат жабдыктары, кылыч жана канжарлар бар.
Аслан Мамедов, Облусттук тарыхый-чөлкөм таануу муйзейинин ага-илимий кызматкери:
- Бул буюмдарды карап отуруп, ошол мезгилдин маданиятын, дүйнө таанымын байкоого болот. Айрыкча, металл кенин аныктап, аны эритүү аркылуу ар кандай буюмдар жасалганын көрөбүз. Бул жерден коло жебелеринин учтары, кыска кылычтар, тагыраагы канжар же акинаки жана узун кылычтар табылды. Алар ар кандай формада. Узун кылычтар аскердин өнүгүшүн көрсөтүп турат. Ошондой эле курмандык чалынуучу жайлар дагы аныкталды. Бул да Батыш Казакстандын аймагында ташты кайра иштетүү өнөрү жогорку деңгээлге жеткенин көрсөтөт.
Уруулардын тажыясы күн түрүндө жасалган. Изилдөөчүлөр бул жерде Сармат доорунун жоокерлери менен төрөлөрү жатышы мүмкүн деп болжолдошот.
Мейрам Дүйсенгали, Облусттук тарыхый-чөлкөм таануу музейинин мүдүрү:
- Жазма булактардан Сармат уруулары бул аймакты биздин заманга чейинки 6-кылымдын ортосунда басып алгандыгын аныктап жатабыз. Ар бир адамдын жанында 4-5тен буюмдары бар.
Уникалдуу экспонаттар аныкталган көрүстөндүн айланасында дагы беш дөбө бар. Аларды изилдөө кийинки жылы жүргүзүлөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков