Жаш окумуштууларды гранттык каржылоого арналган сынак жарыяланды

Жаш окумуштууларды гранттык каржылоого арналган сынак жарыяланды

Казакстанда Жаш окумуштуу долбоорунун алкагында жаңы сынак жарыяланды. Гранттар фундаменталдык жана прикладдык илимий изилдөөлөргө басым жасагандарга берилет. Бул тууралуу өлкөнүн илим жана жогорку билим берүү министрлиги билдирди. Суу ресурстарын, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн сарамжалдуу пайдалануу, минералдык жана көмүр суутек чийки заттарын алуу, кайра иштетүү, жаңы материалдар, энергетика жана инженерия, табигый илимдер тармагындагы изилдөөлөр, маалымат, байланыш жана космостук технологиялар, агроөнөр жай комплексин туруктуу өнүктүрүү жана айыл чарба өнүмдөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу багытындагы иштер талдоодон өтөт. Сынакка арыздар Улуттук илимий-техникалык экспертиза борборунун сайтында тогуздун айынын 3нөн 31не чейинки аралыкка чейин кабыл алынат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков