Жол курулуш: Казакстанда кайсы жолдорго акы төлөнөт?

Жол курулуш: Казакстанда кайсы жолдорго акы төлөнөт?

Казакстанда жаңы акы төлөнүүчү жолдор пайда болот. 2025-жылга чейин аларды өлкөдө узундугу 11 миң километрден ашык куруу пландалууда. Бул тууралуу өлкөнүн Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министри Кайырбек Ускенбаев парламентте өткөн жыйында билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө республика боюнча эки миң чакырымдан ашык жолго акы төлөнөт. Алардан жыл башынан бери жалпы жыйымдар 4 миллиард теңгени түздү. Ошол эле учурда жеңил унаалар үчүн 1 километрге тариф 1, жүк ташуучу унаалар үчүн 25 теңге. Жалпысынан министрдин айтымында, учурда республика боюнча 90%ы, жергиликтүү жол тармагынын 80%ы стандарттуу абалда. Ал эми 2025-жылга карата мамлекет башчынын тапшырмасынын алкагында бул көрсөткүчтөрдү тиешелүүлүгүнө жараша 100 жана 95%га көбөйтүү пландалууда.

Кайырбек Ускенбаев, Казакстандын Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министри:

- Республикалык тармак боюнча 4000 километр жол куруу жана оңдоо жумуштары жүргүзүлүп жатат. 3 миң чакырымга жакын жол олуттуу жана орточо оңдоодон өткөн. 4,6 миң километр унаа жолдору жергиликтүү тармак боюнча оңдоонун бардык түрлөрү менен жабылган. 2022-жылы авто жолдорун өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен 603 миллиард теңге бөлүнгөн. Мамлекет башчынын тапшырмасына ылайык, биз мурда башталган долбоорлордун баарын аягына чыгарышыбыз керек.

Бүгүнкү күндө республика боюнча автомобиль жолдору жаатындагы мындай долбоорлордун саны 17. Ал эми 2024-жылга чейин 4000 километр жол тармагы бар. Жыл аягына чейин 1000 километрге жакын жолду пайдаланууга берүү пландалууда. Калган 3000 чакырым жолду 2023-жылы бүтүрүүнү мерчемдеп жатабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков