Астанада атамекендик өндүрүштөгү универсалдуу
бронемашина-амфибия тааныштырылды. Коргоо министри 8х8 дөңгөлөктөн турган
Terrex 2-Barys-A нын техникалык мүнөздөмөлөрү менен таанышты. Руслан Жаксылыковго
жаңы технологиянын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып беришти. Ал эң экстремалдуу
шарттарда ар кандай тоскоолдуктарды, анын ичинде суудан өтө алат. Ошол эле учурда унаа ылдамдыгы
саатына 90 чакырымга чейин жетет жана ар кандай калибрдеги согуштук система
менен жабдылган. Брондолгон унаалар атамекендик аскердик заводдо чыгарылат.
Руслан
Жаксылыков, Коргоо министри:
- Мына
ушундай өнүгүүлөрдүн аркасында биз Армиянын согуштук жөндөмдүүлүгү жогорулайт
деп ишенебиз. Албетте, биз унааны текшерүү боюнча чоң жолду басып өтүшүбүз
керек, биз аны аскердик сыноого кабыл алабыз, Казакстандын бардык аймактарында
кышкы, жайкы шарттарда иштөө үчүн эң оор шарттарды түзөбүз. Ошондой эле, биздин
биргелешкен ишибиз менен биз азыр Куралдуу Күчтөр үчүн суроо-талапка ээ болгон өнүмдү
беребиз деп үмүттөнөбүз.
Казакстанда жаңы брондолгон унааны
чыгаруу үчүн өткөн жылдын аягында сингапурдук компания менен келишим түзүлгөн.
Ал аэрокосмостук, электрдик, кургактык жана деңиз өнөр жайындагы инновациялык
чечимдерге адистешкен жана ондогон чет өлкөлөрдө кеңселери бар. Келишимге
биздин өлкөдө бронетехниканын жаңы түрүн долбоорлоо жана чыгарууну
инженердик-техникалык жактан камсыздоо камтылган.
Тан Пек Тонг, «ST Engeneering Land System» компаниясынын
вице-президенти:
- Сиздерде
биз көрүп турган дарамет бар: сиздерде абдан жакшы технологиялар, жакшы кесипкөй
жумушчулар бар. Буга кошумча, аталган аймакка инвестиция салууга жакшы
мүмкүнчүлүк бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

