Казакстандыктардын жасагандары экспортко кетүүдө

Казакстандыктардын жасагандары экспортко кетүүдө

Казактын оюусу салынган чапандар,   табигый  таштар басылып, шуру, мончоктор менен кооздолгон  укмуштуудай шөкүлө. Этникалык стилдеги үлпөт көйнөктөрүнүн  дизайнери  Анастасия Романова бир дагы күн бош отурбайт. Ал аяк оона  айында Италиянын Милан шаарындагы мода көргөзмөсүнө барганы турат. Буга чейин Түркияга дагы сапары бар. Ал жакта 20 кийимден турган жаңы коллекциясын алып чыгат.   Модельер казактын улуттук стилиндеги алгачкы көйнөгүн мындан 6 жыл мурда жаратканын эскерет.

Анастасия Романова, дизайнер:

- Мен биздин кийимдерибиз  азыркы модага ылайыктуу заманга төп келген, стилдүү, ошол эле учурда улуттук ыраңды берип турушун каалаган элем.  Ошол себептен алар Казакстандын базарындагылардан айырмаланып турат. 

Кийимдердин өзгөчө үлгүсү жана баркыт сыяктуу калың кездемелерден баштап, ар бир көйнөк кардарга ылайыкталып тандалат. Кээ бирлеринен кызгылт чакмак ташты көрүүгө болот. Аны«колуктунун ташы» деп дагы атап коюшат. Ал өтө назик, кыздарга жарашат. Же болбосо өзүнө ишенгендер үчүн нефрит  ташы тандалат. Мындай ыкма атамекендик эле эмес, чет элдик буйрутма берүүчүлөргө дагы жагат.

 Анастасия Романова, дизайнер:

- Өткөн жылдан бери улуттук көйнөктөрдү чет жактарга жөнөтөбүз дегендер көбөйдү. Германия, АКШ сыяктуу мамлекеттерде жашаган этникалык казактар улуттук стилдеги үлпөт тойлорун өткөрүшөт.  Өздөрү жашаган жакта мындай көйнөктөр жок болгондуктан, бизге буйрутма беришет.

Казак маданияты өзгөчө жана көп кырдуу. Бул бүтүндөй дүйнө элинин назарын бурат. АКШ, Орусия,  Польша, Франция жана Түштүк Африка. Зергер Георгий Мариниченкого  ушул жана башка мамлекеттерден буюртмалар  келип түшөт.  Анын нео-этника стилиндеги зер буюмдары өзгөчө популярдуулукка ээ. Чебер өз жасалгаларында Казакстанда гана табылган таштарды колдонот. Аларды салтуу түрдө  өңдөйт, заманбап жабдыктарды пайдаланбайт. 

Георгий Мариниченко, зергер:

- Мен биздин  нео-этникалык буюмдарыбызды жасагым келет. Аларды Германия,  Америкада өткөн көргөзмөлөргө алып барып, маданиятыбызды таанытсам дейм. Бул биздин Мекенибиз. Өлкөнүн маданиятын сүйөм. Учурда  казак тилин үйрөнүп жатам. 

Жогорудагы мисалдар артисттер менен спортчулар гана дүйнөгө таанылбасын айгинелеп турат. Өз өнөрүн элге таанытуу үчүн биздин каармандарыбызга көп деле нерсе талап кылынган жок. Алар болгону сүйүктүү иши менен алектенип, чын дилинен Казакстанды сүйүшөт.

 

Которгон: Назира Бегалиева