Бүгүн Орусиянын президенти Владимир Путиндин Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу боюнча Казакстанга мамлекеттик сапары башталат. Бир күн мурун орусиялык «Известия» коомдук-саясий басылмасы мамлекет башчысынын макаласын жарыялаган. Анда Касым-Жомарт Токаев Казакстан менен Орусиянын мамилеси бекем жана бузулбас достуктун үлгүсү экенин белгилеген. Стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык тыгыз тарыхый жана маданий байланыштарга, ошондой эле эки элдин келечеги үчүн бирдей жоопкерчиликке негизделген. Эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн жана бизнес өкүлдөрүнүн аракеттеринин аркасында соода-экономикалык кызматташтык тынымсыз күч алууда. 2023-жылы орусиялык компаниялар Казакстанга 3 миллиард доллардан ашык инвестиция салса, өлкө да орус экономикасына ушунча көлөмдө инвестиция салган. Макалада ошондой эле Казакстан менен Орусия ар кайсы тармактарда долбоорлордун үстүндө иштеп жатканы айтылат. Алардын 90дон ашыгы, 18 миллиард доллары ишке ашырылды, дагы 49у аткаруу стадиясында. Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, Орусия президенти менен алдыдагы жолугушууда бир катар маселелер талкууланат.
«Казахстанская правда» гезити В. Путиндин Казакстанга сапарынын алдында
макаласын жарыялады
Ал арада Орусиянын президенти мамлекеттик сапарынын алдында «Казахстанская правда» гезитине макаласы жарык көрдү. Владимир Путин эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер чыныгы союздаш мүнөзгө ээ экенин жана бардык багыттар боюнча жигердүү өнүгүп келе жатканын баса белгиледи. Буга эки тараптуу соода жүгүртүүнүн таасирдүү көрсөткүчтөрү далил болот. Өткөн жылы рекорд жаңыланып, 28 миллиард долларлык чектен ашты. Ал эми 2024-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча 20 миллиарддан ашты. Владимир Путиндин айтымында, эки өлкөнүн компаниялары бир катар ири биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда. Бул экономиканы комплекстүү жаңылоого жана Орусия менен Казакстандын технологиялык суверенитетин бекемдөөгө өбөлгө түзөт. Владимир Путин ошондой эле «Росатом» мамлекеттик корпорациясынын уникалдуу технологиялары бар экенин жана казак тарап менен жаңы масштабдуу долбоорлорго даяр экенин белгиледи. Соңунда Владимир Путин Орусия Казакстан менен көп кырдуу достук жана союздаштык мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков