Азыркы учурда Казакстанда чет элдик аскерлер жок. Бүгүн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Казакстандагы тынчтык орнотуу миссиясы аяктап, аскерлер өлкөдөн толугу менен чыгарылды. Жеке курам жана техника Алматы аэропортунан учуп кетти. Бул тууралуу атайын брифингде Коргоо министрлигинин Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы Олжас Кусаинов билдирди. Эске салсак, өлкөдөгү баш аламандык учурунда атайын аталган бейпилдик күчтөрү аэропортторду, аскердик базаларды жана башка жарандардын жашоосу үчүн маанилүү стратегиялык объектилерди кайтарып, алардын коопсуздугун камсыздоодо татыктуу кызмат өтөшкөн.
Олжас Кусайынов, Казакстан Коргоо министрлигинин эл аралык кызматташтык департаментинин башчысы:
- Бул чаралар террорчулукка каршы түз операцияларды жүргүзүү үчүн күчтөрдүн жана куралдардын олуттуу бөлүгүн чыгарууга мүмкүндүк берип, террористтик ишмердүүлүктүн кыскарышына өбөлгө түздү. ЖККУнун тынчтык дараметин Казакстанга киргизүү өз учурунда жана натыйжалуу болду. Иш жүзүндө мекемелер жана мамлекеттер аралык кызматташуунун ошондой эле уюмдун алкагында координациялоонун механизмдери бекемделди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков