Казакстанда ички туризм өнүгүүдө

Казакстанда ички туризм өнүгүүдө

Казакстандыктар арасында ички туризм өнүгүп келет. Бул өзгөчө пандемиядан улам жабылган чек араларга байланыштуу. Маселен, быйылкы жылдын алты айында эс алуу жайларында 2 миллион адам эс алган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эки эсеге көп. Ага ылайык, өлкөдөгү мейманканалар жана пансионаттар 6 айда 44 миллиард теңгелик кызмат көрсөтүшкөн. Мындан тышкары, адистер ата мекендик пансионаттарга келген туристтердин агымы мындан ары да өсө турганын айтышууда. Туризмди жагымдуу кылуу максатында 10 негизги багыт аныкталып, инфраструктураны жакшыртуу иштери жүрүп жатат. Ошондой эле, келерки жылдан тарта чет өлкөдөн конок тарткан туроператор ар бир саякатчыга 15 миң теңге көлөмүндө колдоо ала баштайт. Мындан тышкары, туристтерди каттоо системасы санариптештирилет.

Ернур Кенжебеков, «Казак Туризм» УК Басма сөз катчысы:

- Электрондук мейманкана маалымат системасы чет өлкөлүк жарандарга өлкөдө каттоого турууга, аларды миграциялык жана башка кызматтарга барбастан жайгаштырууга мүмкүндүк берет. Ал кабыл алган жерлерге өзүнүн документин көрсөтүү менен системага кирет жана биз муну бир жерден көрө алабыз. Алдыдагы убакытта интернет аркылуу кайсы өлкөдөн канча турист келгенин көрүп турабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков