Казакстандагы туризмди өнүктүрүүгө 3 триллион теңгеге жакын каражат бөлүнөт

Казакстандагы туризмди өнүктүрүүгө 3 триллион теңгеге жакын каражат бөлүнөт

Маданият жана спорт министрлиги бул каражат 200дөн ашык инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга жумшалаарын билдирди. Долбоорлор 2030-жылга чейин ишке ашырылат. Быйыл 115 объект бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет. Алардын ичинен эң чоңу Акмола облусундагы курорттук аймак, ошондой эле Атырау, Алматы, Өскемен шаарларындагы мейманкана комплекстери. «Алтын Емел» улуттук сейил багында туристтер үчүн борборлор ачылат. Акмола, Алматы, Мангыстау, Түркестан жана Абай облустары туризмди өнүктүрүү үчүн чоң дарамети бар аймактар ​​деп табылды. Айрыкча экологиялык туризмге суроо-талап жогору. Багыттарды, жолдорду, аянтчаларды жана унаа токтотуучу жайларды жайгаштыруу менен аталган аймакты өнүктүрүү пландаштырылууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков