Жибек жолу эстеликтеринин виртуалдуу көргөзмөсү

Жибек жолу эстеликтеринин виртуалдуу көргөзмөсү

Казакстандын Улуттук музейи Жибек Жолунун эстеликтерин виртуалдык көргөзмөдө сунуштады. Экспонаттардын арасынан карапа жана байыркы тыйындардан тышкары Алтын адамды да көрүүгө болот. Долбоорду ЮНЕСКОнун Алматыдагы аймактык кеңсеси уюштурган. Экспозицияда көркөм чыгармалардын көчүрмөлөрү менен бирге Уюмдун Бүткүл дүйнөлүк мурас объектилери жана архитектуралык эстеликтери тууралуу маалымат коомчулукка сунушталды. Саякатчыларды дүйнө жүзүндөгү маданий мекемелердин архивдери да кызыктыра алат. Виртуалдык көргөзмөгө Иран, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын улуттук музейлеринен Жибек Жолунун маданий мурастарын баяндаган 60 көрүнүктүү музей экспонаттары чогултулду. 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков