Абайдын эми Аланияда да үйү бар. Бул Түркиянын Актенгиз аймагындагы казактар көп жашаган шаарлардын бири. Мына ушуну эске алып, «Отандастар» фонду, дал ушул жерде жетинчи «Абай үйү» маданий-ишмердик үйүн ачууну чечкен. Анын максаты – Улуттук мурасты коомчулукка даңазалоо, чет өлкөдөгү казактардын маданий-гуманитардык жана ишкердик байланыштарын чыңдоо. Казак тилин, динин, салтын даңазалаган борбор келечекте улуттун руханий борборуна айланат. Мындай жаңы тенденция дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө бар. Мисалы, Германиянын Гёте институтунун 100дөн ашык, Түркиянын Юнус Эмре Ордосунун 40тан ашык борборлору ачылган.
Абзал Сапарбек уулу, Отандастар фондунун президенти:
Аланиядагы чет элдиктердин саны 50 миңден ашат. Алардын ичинен эң чоң диаспора казак диаспорасы. Жалпысынан Аланияда 15 миңге жакын казак жашайт деп божомолдоого болот. Негизинен алар Анталияда көбүрөөк. Андыктан, казактардын маданий уюмунун алкагында ачылган Абай үйү, келечекте бүткүл казак элинин улуттук баалуулуктарын дагы даңазалоого кызмат кылат деп ишенебиз.
Жандос Аубакир, Абай академиясы илимий-изилдөө институтунун мүдүрү:
Дүйнөнүн Абайы дейбиз. Абайдын мурасы түбөлүктүү дейбиз. Андыктан бул даанышмандын мурасын өлкөбүзгө гана эмес, бүткүл дүйнөгө ар тарапка жайылтуу зарыл. Абайдын «Бүткүл адамзатты бир тууганым деп сүй» деген ушул гуманисттик идеясы бүткүл дүйнөгө жайылса, казак элинин улуулугу мындан ары да жайыла бермекчи. Абай барда казак бар. Казак барында Абай бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков