Жез жана алюминий өндүрүү көлөмү көбөйөт

Жез жана алюминий өндүрүү көлөмү көбөйөт

Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча жалпы көрсөткүчү 105% болгон оң динамика Казакстандын иштетүү өнөр жайында байкалууда. Өнөр жай өлкөнүн ИДПсына кошкон салымы боюнча тоо - кен жана соодадан кийин үчүнчү орунда турат. Өлкөнүн Өкмөтү тарабынан ата мекендик өндүрүштү стимулдаштыруу боюнча чаралар көрүлүүдө. Машина куруу, нефтехимия, металлдарды терең иштетүү сыяктуу тармактарга көңүл бурулат. Алсак, Казакстанда жездин көлөмүн 2029-жылга карата 750 миң тоннага чейин көбөйтүү пландалууда. Абай облусунда азыр жаңы жез эритүүчү заводдун долбоору ишке ашырылууда. Өлкө ошондой эле алюминийди кайра иштетүүнү 72 миң тоннага чейин көбөйтүүгө ниеттенүүдө. Бул үчүн өндүрүш ишканалары жана ири тоо-кен компаниялары 25 келишимге кол коюшту.

Которгон: Илгиз Жамалбеков