Астанада социалдык ишкерлердин курултайы өттү

Борбордук Азия мамлекеттери Казакстандын социалдык ишкердикти өнүктүрүү тажрыйбасын колдонууга кызыктар. Бул тууралуу борбор калаада атайын жолугушкан аймактын тармак адистери билдиришти. Астанада Борбордук Азия социалдык ишкердик конференциясы өттү. Жыйынга Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан өлкөлөрүнөн 300дөн ашык социалдык ишкерлер, бийлик өкүлдөрү жана коомдук активисттер катышты. Социалдык бизнестин инновациялык жолдору жана мамлекеттик колдоо механизмдери баарлашуунун өзөгүнө айланды. Бул жаатта Казакстандын башкалар менен бөлүшө турган тажрыйбасы бар. Бүгүнкү күндө өлкөдө ар түрдүү багыттагы 260тан ашуун социалдык ишкана ийгиликтүү иштеп келет. Алардын укуктары жана кызыкчылыктары мыйзам менен корголот. Былтыр атайын документ күчүнө кирген. Анда социалдык ишкерлерди колдоонун бир катар механизми камтылган. Белгилей кетсек, аймакта мындай мыйзамды Казакстан биринчилерден болуп кабыл алган.

Эмин Аскеров, Социалдык инноваторлор бирикмесинин президенти:
- 9 колдоо механизми каралган. Салык жеңилдиктери, социалдык бизнеске атайын орундарды бөлүп берүү, бул багыттагы долбоорлорго маалыматтык колдоо көрсөтүү, өнүмдөрүн өткөрүүгө колдоо көрсөтүү, окутуу, тажрыйба алмашууга байланыштуу түрдүү акселерациялык программалар жана чакан насыя берүү. Келерки жылдан тарта Улуттук экономика министрлиги акимчилик тарабынан бөлүнүп бериле турган бардык гранттарды социалдык ишкерлерге багыттоону мерчемдеп жатат.

Кундузбек Сулайманов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты:
- Бул жерге социалдык ишкердикти колдоо боюнча маалымат алуу үчүн келдик. Бул маселе Борбор Азиянын деңгээлинде көтөрүлүп жатканы туура деп эсептейм. Биз бул багытта атайын мыйзам долбоорун иштеп чыгып, азыр ага толуктоолорду киргизип жатабыз. Курултайда ушул темада кызыктуу ойлор айтылды. Жыйында көтөрүлгөн жаңы идеялардын баарын парламентте сунуштайм.

Которгон: Илгиз Жамалбеков