Борбор калаанын жеке кирешеси алгачкы жолу 1 триллион теңгеден ашты. Астана акими бул бардык негизги категориялар боюнча салыктык түшүүлөрдүн көбөйүшүнө байланыштуу экенин баса белгиледи. Анын айтымында, биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча башкы шаардын дүң региондук өнүмүнүн көрсөткүчү 7%ды түздү. Ошол эле учурда өндүрүш секторунун үлүшү көбөйгөнү байкалууда. Өнөр жайдын жана курулуштун өнүгүү темпи өзгөчө активдүү. Негизги кыймылдаткыч чакан жана орто бизнес болуп саналат. Анын шаардын экономикасындагы үлүшү 72%га жетти. Бул өлкө боюнча эң жогорку көрсөткүч. Азыркы учурда иштеп жаткан чакан жана орто бизнес объектилеринин саны 7,3%га өсүп, 247 миңден ашты. Быйыл Казакстандын борборуна тартылган инвестиция көлөмү кыйла өстү.
Жеңис Касымбек, Астана шаарынын акими:
- Инвестициянын көлөмү 1,6 триллион теңгеден ашып, 20,4% өстү. Бул сумманын 70% дан ашыгын жеке инвестициялар түзөт. Борбор калаанын курулуш секторунун темпи 870 миллиард теңгеден ашты. 11 айда 3,6 млн чарчы метр турак жай пайдаланууга берилди, бул өткөн жылга салыштырмалуу 6,4%га көп. Жылдын жыйынтыгы боюнча бул көрсөткүч 4 миллион чарчы метр турак жай белгисинен ашат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

