2021-жылы улуттук фонддон 4,5 триллион теңге жумшалган

2021-жылы улуттук фонддон 4,5 триллион теңге жумшалган

2021-жылы Улуттук фонддон алынган каражат түшкөн кирешеден ашып кеткен. Бул тууралуу Парламенттин биргелешкен жыйынында Республикалык бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө боюнча Эсеп комитетинин төрайымы билдирди. Наталья Годунова өз кезегинде Улуттук фонд каржылык ресурстарды топтоо үчүн гана эмес, бюджеттин дүйнөлүк товардык рыноктордогу кырдаалдан көз карандылыгын азайтуу үчүн түзүлгөнүн эске салды.

Наталья Годунова, Республикалык бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө боюнча эсеп комитетинин төрайымы:

- 2015-жылдан бери Улуттук фондду активдүү пайдаланып келебиз. 2019-2020-жылдарды айтпасак да белгилүү. Бул пандемияга байланыштуу антикаатчылык иш-чараларга каражат керек болгондугу менен байланыштуу. Бирок 2021-жылы жалпы абал бир топ жакшырды. Президенттин республикалык бюджети Улуттук фонддун каражатына таянбашы керек деген конкреттүү тапшырмасына карабай, быйыл фонддон 4,5 триллион теңге сарпталды. Бул аралыкта фондго болгону 4,3 триллион теңге киреше түшкөн.

Ошондой эле, Эсеп комитетинин төрайымы эки палатанын депутаттарына жана өкмөт мүчөлөрүнө бюджетти бир жылдык мерчемдештирүү мезгилине кайтууну сунуштады. Бул жаатта планга кайра өтүү менен ата мекендик бизнес жана инвесторлор тарабынан кабыл алынган милдеттенмелердин аткарылышын кепилдөө зарыл - деди ал.

Наталья Годунова, Республикалык бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө боюнча эсеп комитетинин төрайымы:

- Үч жылдык бюджет жөн гана формалдуу дүйнө экени белгилүү. Аны калыптандыруу үчүн көп убакыт талап кылынат. Ал эми тактоо жана түзөтүү учурунда биринчи жыл гана эске алынат. Кийинки мезгилге бюджетти мерчемдеген кезде мурда колдоого алынган чыгашалардын бир бөлүгү түшүп калышы да мүмкүн. Анын кесепетинен бүтпөй калган долбоорлор, объектилер пайда болот. Биздин оюбузча, бир жылдык бюджетти мерчемдөө системасына кайтуу маселесин коюуга убакыт келди.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков