Жетису облусунда инновациялык долбоорлорго артыкчылык берилет

Жетису облусунда инновациялык долбоорлорго артыкчылык берилет

Жетису облусунун тургундары санариптик технологиялар тармагында бизнести өнүктүрүү үчүн гранттарды ала алышат. Анда инновациялык долбоорлорго артыкчылык берилет. Жалпысынан аларга 400 миллион теңгеге чейин грант бөлүү мерчемделүүдө. Стартап идеяларына арыздарды кабыл алуу жылдын аягына чейин уланат. Сынакка бардык каалоочулар катыша алат. Эч кандай жаш-курактык чектөөлөр жок.

Ерназар Шынасыл, «QAZINNOVATION» инновацияларды өнүктүрүү боюнча улуттук агенттиктин башкармалыгынын төрагасынын орун басары:

Бизде гранттын үч түрү бар. Биз ишкерлерге жана инноваторлорго берип жаткан негизги грант – бул технологияны коммерциялаштыруу болуп саналат. Биринчи этапта 20 миллион берсек, экинчи этапта 80 миллионго чейин беребиз. Негизги максат – адам өзүнүн товарын иштетип, рынокко алып чыгуусу.

Которгон: Илгиз Жамалбеков