Айыл чарба санагынын пилоттук долбоору башталды

Айыл чарба санагынын пилоттук долбоору башталды

Казакстанда пилоттук айыл чарба санагы башталды. Ал аяк оона айынын 30уна чейин созулат. Анын максаты-чарбалардын саны, үй жаныбарларынын жана канаттуулардын саны, курулуштардын, айыл чарба техникасынын жана жабдууларынын, колдонулган технологиялардын жана ресурстардын болушу жөнүндө актуалдуу маалыматтарды чогултуу. Табылгалар тармактын абалын талдоого, тенденцияларды жана көйгөйлөрдү аныктоого, стратегиялык пландарды жана мамлекеттик колдоо программаларын иштеп чыгууга мүмкүндүк берет. Мисалы, каттоонун маалыматтарынын негизинде айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө субсидияларды, насыяларды дайындоо маселелери каралышы мүмкүн. Мындан тышкары, изилдөө өлкөнүн жерлери жана айдоо жерлери жөнүндө маалыматты актуалдаштырууга мүмкүндүк берет. Белгилей кетсек, айыл чарба каттоосунун негизги этабы келерки жылы баш оона айынын биринен, тогуздун айынын 20сына чейин өтөт.


Которгон: Илгиз Жамалбеков