Борбор калаада Элбашы китепкана фондуна 100дөн ашык тандалган экспонаттары коюлду. «Туңгуч» мобилдик экскурсиялык долбоорунун алкагындагы көргөзмө Астана IT университетинде ачылды. Уникалдуу экспозицияга музей буюмдарынын комплекси топтоштурулган. Анда декоративдик-прикладдык искусствонун үлгүлөрүн, улуттук аскердик техникаларды, ошондой эле кийизден жасалган килем, чапан сыяктуу мамлекет башчыларынын белектерин көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
Күлайша Актаева, Казакстандын туңгуч президенти – элбашы китепканасы мүдүрүнүн орун басары:
– Мындай мобилдик блицтурлар менен биз уникалдуу чыгармаларыбызды коомчулукка тартуулай алабыз. Бул көбүнчө адамдар Youtube, интернет сайттар же социалдык тармактарда издеп, көргүсү келген, адам колу жете бербеген баалуу чыгармалар. Биз аларды көргөзмөбүздө тааныштырабыз. Андан ары Щучинск шаарындагы кадет мектебине барууну мерчемдеп жатабыз. Бул долбоорду бала бакчадагы балдарга көрсөткүбүз келет.
Долбоордун алкагында студенттер үчүн сак маданияты, саат жасоо жана фото техниканын өнүгүү тарыхына арналган бир катар маалымат берүүчү лекцияларды жана тематикалык экскурсияларды уюштуруу көздөлүүдө.
Арман Кенжебеков, ASTANA IT UNIVERSITY социалдык-тарбия иштери департаментинин мүдүрү:
– Менин билишимче, Туңгуч Президенттин китепканасынын тарыхында биринчи жолу көчмө экскурсиялар болуп жатат. Казак, орус жана англис тилдеринде ар түрдүү темаларды камтыйт. Бул билим көргөзмөсү өлкөнүн жаштарын, студенттерибизди өткөндү билүүгө, каада-салтты урматтоого үндөйт деп ойлойм. Улуттук көркөм сүрөт жана декоративдик искусствонун экспонаттары менен таанышуу өзүбүздүн тарыхыбызга жаңыча көз караш менен кароого мүмкүндүк берет.
Белгилей кетсек, долбоор чын куран айынын 24дө президенттик институт түзүлгөн күнгө карата арналган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков