Жайкы Азия оюндарында медалдардын саны боюнча Казакстан алдыңкы
бештикке кирди. Кытайдын Ханчжоу шаарында 80 медаль утуп алган Казакстан курама
командасы рейтингде 5-орунду ээледи. Казакстандыктар 10 алтын, 22 күмүш жана 48
коло медалга ээ болду. Мелдештин кожоюндары – Кытай курама командасы 383 медаль
менен тайпадан алдыга озуп чыкты. Түштүк Корея 190 медаль менен экинчи орунду
алса, Жапония 188 медаль менен алдыңкы үчтүктү толуктады. Төртүнчү орунду 107
медалы менен индиялык спортчулар ээледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков