Корей буддизминин «Чоге» ордени

Корей буддизминин «Чоге» ордени

Салттуу диндердин лидерлеринин VII курултайына Кореядан коноктор келишүүдө. Алардын арасында буддалык Чоге орденинин эки өкүлү бар. Белгилей кетсек, аталган өлкөдө буддизмдин пайда болуу тарыхы байыркы доорлорго барып такалат. Биздин замандын 372-жылы Кытайдан Кореяга келген буддизм бул мамлекеттин биринчи жана негизги салттуу динине айланган. Бүгүнкү күндө бул жерде буддисттердин саны жети миллиондон ашат. Адамдар сыйынуучу жайга Кореянын маданияты жана тарыхы менен таанышуу үчүн көп келишет.

Сан Джун, Чоге ордени департаментинин башкы менеджери

- Биздин Ентапса ибадатканабыз 1000 жыл мурун Силла доорунда курулган. Кореяда мындай 700гө жакын байыркы храмдар бар. Жергиликтүү калктын арасында буддисттер көп эмес, ошондуктан бизге келгендердин саны аз. Негизинен мектеп окуучулары жана туристтер экскурсияга келишет.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков