Казакстан экономикасы 4,9 пайызга өстү

Казакстан экономикасы 4,9 пайызга өстү

Казакстанда жыл башынан бери экономиканын бир катар тармактарында өсүш байкалды. Атап айтканда, машина куруу багытындагы өсүштүн натыйжасы жакшы. Жалпысынан бул тармактагы көрсөткүчтөр 27% өскөн, ал эми анын алкагында унаа жасоо көлөмүнүн өсүшү 42%ды гана түздү. Ата мекендик жеңил өнөр жай болсо 12% жогорулаган. Курулуш тармагындагы өсүш да жогору бааланды. Анткени бул мезгилдин ичинде республикада 13 миллион чарчы метр турак-жай пайдаланууга берилген. Өкмөттүн жыйынында өлкөнүн 10 айдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү каралды. Эгер сандарга келсек, жыл башынан бери экономиканын өсүү ыргагы 5%га бир аз жетпейт. Ал эми инфляциянын деңгээли 10,8% жетти. Премьер-министр бардык облус жетекчилерине жыл аягына чейин социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча иштерди аягына чыгарууну тапшырды. Бул үчүн биринчи кезекте жеке инвестицияларды тартууга басым жасоо керектигин Алихан Смаилов белгиледи.

Алихан Смаилов, Казакстандын Премьер-министри:
- Мамлекеттик органдар жана аймактар ​​инвестиция тартуунун үстүндө иштеп, пландаштырылган долбоорлорду ишке ашырууну камсыз кылышы керек. Мындан тышкары, мамлекет башчысы ар бир орто ишкана боюнча өндүрүштү 2-3 эсеге кеңейтүү милдетин койду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков