Улытаудагы улуттук курултай ата мекендеги казактар үчүн гана эмес, чет өлкөдөгү мекендештер үчүн да жаңы учур болот. Мындай пикирин Түркиядагы Мимар Синан университетинин профессору Абдулвахаб Кара билдирди. Талдоочу курултай өлкөнү өнүктүрүүнүн маанилүү маселелерин талкуулоо үчүн татыктуу аянтча экенине ишенет.
Абдулвахаб Кара, Мимар Синан университетинин профессору:
- Улуттук курултай Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин «Жаңы Казакстан» идеясын жүзөгө ашыруудагы маанилүү чечимдеринин бири катары жогору баалайм. Бул зор демилгеде чет элдик казактардын көйгөйлөрүнө да көңүл бурулушу зарыл.
Которгон: Илгиз Жамалбеков