Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев ыкчам штабдын жыйынын өткөрдү. Президентке Башкы прокурор, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы, Ички иштер жана Коргоо министринин милдетин аткаруучулар отчет беришти. Штабдын жыйынында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) бейпилдик күчтөрү Нур-Султанда күзөтчү катары иштегени, Казакстандын укук коргоо органдарынын күчтөрүн Алматыда терроризмге каршы күрөш операцияларын мобилизациялоого мүмкүндүк бергени айтылды. Мамлекет башчысы жарандардын кызыкчылыгы үчүн өлкөдөгү кырдаалды турукташтырууга бардык күчтөрдү тартуу багытында тапшырмаларды берди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков