2026-жылга карата Казакстанда беш чек ара хабы салынат

2026-жылга карата Казакстанда беш чек ара хабы салынат

Бул тууралуу өлкөнүн Соода жана интеграция министрлиги билдирди. Ага ылайык Кыргызстан менен чектеш Жамбыл облусунда өндүрүштүк соода-логистикалык комплекс курулат. Өзбекстан менен чектешкен Түркестан облусунда Борбор Азия эл аралык өнөр жай кооперация борборун, Орусия менен чектеш Батыш Казакстан облусунда Евразия чек ара соода борборун куруу көздөлүп жатат. Мангыстау облусунда «Каспий түйүнү» контейнердик хабы пайда болуп, Кытай менен чектешкен жерде «Хоргос түйүнү» чек ара комплекси курулат. Соода-логистикалык түйүндөрдүн иши кампа, сактоо, кайра иштетүү, жаңы товарларды өндүрүү тармагында өнөр жай кооперациясын камсыз кылууга жана аларды эл аралык товарларды өткөрүү системаларында топтоп,  андан ары сатууга багытталат. Чек ара хабдары Казакстандын аймактарынын ишканаларынын экспорттук дараметин өнүктүрүүгө көмөктөшөт деп болжолдонууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков