К. Токаев: Инвесторлор үч жылга салыктан бошотулат

К. Токаев: Инвесторлор үч жылга салыктан бошотулат

Казакстанда жаңы инвестициялык цикл ишке кошулат. Жаңы долбоорлорго тартылган каражат улуттук экономиканын көлөмүн эки эсеге, башкача айтканда 450 миллиард долларга чейин көбөйтүүгө тийиш. Бүгүн Президент Касым-Жомарт Токаев «Алтын сапа», «Парыз» жана «Казакстандын мыкты товары» сынактарынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо учурунда алдыдагы пландары тууралуу айтты. Жакында Мамлекет башчысы инвестиция тартуу иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу тууралуу жарлыкка кол койду. Эми штабга юридикалык күчү бар, убактылуу ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу укугу берилди. Эми анын чечимдерин мамлекеттик органдар менен улуттук компаниялар сөзсүз түрдө аткарышы керек. 

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Жалпысынан инвестиция тартуу ишинде «бюрократизмге таптакыр жол жок – болушунча так иш-аракет» деген принципти жетекчиликке алуу зарыл. Иштин жыйынтыгы мамлекеттик аппараттын тыкыр көңүл буруусунда болууга тийиш. Маалым болгондой, менин тапшырмама ылайык, кайра иштетүү секторуна инвестиция салган инвесторлор келерки жылдан тарта үч жылга салыктан бошотулат. Буга чейин мындай системалуу чаралар эч качан болгон эмес жана ал чечүүчү мүнөзгө ээ. Болбосо, инвестиция үчүн өтө жогорку эл аралык атаандаштыктын шартында көздөгөн максатка жетүү кыйынга турат.

Касым-Жомарт Токаев белгилегендей, өлкөдө «жашыл коридор» принциби боюнча инвестициялык долбоорлорду колдоо системасы киргизилет. Аны прокуратура көзөмөлдөйт. Бул инвесторлор үчүн уруксат алуу жараянын жөнөкөйлөтөт жана тездетет. Ошондой эле, аларга жер тилкелерин берүү жана  байланышты жүргүзүү иштери жеңилдетилет. Жалпысынан быйыл Казакстанда 376 миллиард теңгени түзгөн 90дон ашык инвестициялык долбоор ишке ашырылды. Бул жаатта өлкөгө дүйнөлүк жана аймактык өнөр жай алптары келип, өз бизнесин ийгиликтүү жүргүзүп келет. Бүгүнкү күндө республикада Kia автоунааларын чыгаруучу толук циклдүү заводдун курулушу башталды. Мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев республиканын алдында азыр чыныгы индустриялаштыруу жана өлкөнүн жаңы өндүрүштүк базасын түзүү максаты турганын белгиледи.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- «Казакстанда жасалган» деген белги жогорку сапаттын, мыкты өнүмдүн белгисине айланууга тийиш. «Алтын сапа» сынагынын негизги максаты да ушул. Муну менен катар, бизнес өкүлдөрү эл алдындагы жоопкерчиликти терең сезиши керек.  Чыныгы ишкер өзүнүн шартын гана  түзбөйт. Ал туулуп-өскөн айылын же өзү иштеген аймактын да камын ойлойт. Мындай ишкерлер көптөгөн адамдардын колдоосуна жана ыраазычылыгына ээ болот. Чындыгында, өз мекенине берилгендиктен өткөн сыйлык жок. «Парыз» сынагынын катышуучулары бул жылы ар кандай социалдык долбоорлорго активдүү катышты. Кайрымдуулук иштерине 80 миллиард теңгеге жакын каражат жумшады. 6 миңден ашык жаңы жумуш ордун түздү.

Ошондой эле, Казакстандын лидери өлкөдө индустриялаштыруу жараянын улантуу зарыл деп эсептейт. Ага ылайык, бир катар чаралар кабыл алынды. Атап айтканда, «Өнөр жай саясаты жөнүндө» атайын мыйзам. Кайра иштетүү ишканаларын арзан чийки зат менен камсыз кылуу да өтө маанилүү. Келерки жылдан тарта ири чийки зат өндүрүүчүлөр ички рыноктун керектөөлөрүн камсыз кылууга милдеттүү, деп баса белгиледи мамлекет башчысы. Белгилей кетсек, өткөн жылы кайра иштетүү өнөр жайы экспортунун көлөмү рекорддук көрсөткүчкө жетип, 26 миллиард доллардан ашты. Ал эми тармакка 1,5 триллион теңге инвестиция тартылды. 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков