Казакстанда турак-жай баасы кымбаттады. Бул тууралуу өлкөнүн статистикалык бюросунун маалыматы тастыктайт. Маселен, жаңы турак-жай комплекстеринде бир айдагы өсүш 1 пайыздан ашты. Ошентип, жаңы үйлөрдүн баасы чарчы метрине болжол менен 423 миң 705 теңге чамасында. Статистикага өзгөчө Өскемен, Семей, борбор калаа, Шымкент жана Алматы шаарларындагы баалардын өсүшү таасир эткен. Ошол эле учурда экинчи деңгээлдеги үйлөр жалган куран айына салыштырмалуу 0,4%га гана кымбаттаган. Бул жерде Өскемен, Кызылорда жана Костанай лидер болууда. Бир жылдын ичинде 2021-жылдын кулжа айынан 2022-жылдын бул айына чейинки аралыкта учурдагы батирлердин баасы 26,8%, ал эми жаңы турак жайларда 19,5%га кымбаттады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков