Ошентип, Minerals.gov.kz сайтында. лицензиялык аянттардын бөлүштүрүлүшү менен таанышып, жер казынасын пайдалануучулардын ишмердүүлүгүнө көз салууга болот. Инвесторлордун өздөрү да талап кылынган аймак тууралуу толук жана чектеш инфраструктурадан тартып, электрондук форматта өткөн геологиялык жана геофизикалык отчетторго чейин маалымат ала алышат. Кызматты коммерциялык ишке киргизүү ушул жылдын бугу айына пландаштырылган, дешет иштеп чыгуучулар. Алар Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана Өнөр жай министрлиги, ошондой эле “Казакстан Космос Сапары” улуттук компаниясы болгон. Азыр алар платформаны жакшыртуу жана өнүктүрүү боюнча сунуштарды чогултуп жатышат. Келечекте жер казынасын пайдалануучулар тарабынан лицензиялык жана контракттык шарттардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча жаңы функциялар иштелип чыгат.
Куандык Шуленбаев, «Казакстан космос сапары» УК башкармалыгынын төрагасы:
- Бүгүнкү күндө платформа аркылуу жер казынасын пайдалануучулар, инвесторлор жер казынасын пайдалануу үчүн тыюу салынган же уруксат берилген участокторду тандап алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ, ал жерде мыйзамга ылайык каалаган геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлүшү мүмкүн. Платформа 30 миңден ашык геологиялык отчетторду изилдөөгө мүмкүндүк берет, быйыл биз ал жерге 20 миңден ашык кошумча отчетторду жүктөөнү пландап жатабыз, бул каалаган колдонуучуга аталган отчетторду онлайн режиминде көрүп, андан кийин жүктөп алууга мүмкүндүк берет. Платформа толугу менен ачык жана онлайн, автоматтык режимде геологиялык чалгындоо же өндүрүү үчүн лицензия алууга шарт түзөт. Ал эми келечекте Жер казынасы жөнүндө кодекске ылайык мындан аркы бизнес-процесстерди өнүктүрүү пландаштырылууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков