«Шагалалы» аралына алып баруучу туристтик маршрут ачылат

«Шагалалы» аралына алып баруучу туристтик маршрут ачылат

Атыраудагы «Акжайык» жаратылыш коругунда туристтик маршрут ачуу мерчемделүүдө. Ал эки багыттан турат. Мектеп окуучулары жана жаш натуралисттер кургактыкта жаратылыштан ырахат алса, бойго жеткен туристтер суу каналдарын бойлой сүзүп, жыл бою иштей турган Шагалалы аралына чейин бара алат.

Балымгүл Измуканова, корук адиси:

- Биздин максат - туризмди өнүктүрүү менен жоголуп бараткан жаныбарларды сактап калуу жана көбөйтүү. Мисалы, тоо теке өтө сейрек кездешет. Илимпоздор табиятыбыздын абалын такай көзөмөлдөп турушат.

Айта кетсек, канаттуулардын күзгү миграциясы Акжайык коругунун Орал-Каспий бассейнинде жүрүп жатат. Бул мезгил жетинин айына чейин созулат. Бүгүнкү күндө бул жерде канаттуулардын 290дон ашык түрүн кездештирүүгө болот. Бул аралыкта канаттуулардын парады алыскы аймактарга сапар тартат. Кээ бирлери кыштап да калышат.

Илья Бофонов, корук орнитологу:

- Көчүү учурунда бул жерде 10 миллионго жакын кум чоор, 5 миллион өрдөк жана 2 миллионго жакын кашкалдак, ошондой эле, 35 миң фламинго токтошот. Алардын айрымдары табиятта өтө сейрек кездешет. Биз аларды көзөмөлдөп турабыз. Кыштап калган түрлөр үчүн тамактандырууну уюштурабыз.

Жаратылышы катаал шарттагы аймак өсүмдүктөр флорасы жана фаунага да бай. Каспий чөлкөмүндө негизинен жапайы каман, карышкырдын 2 түрү жана енот жашайт. Муну менен катар, өсүмдүктөрдүн 200дөн ашык түрү кездешет.

Лаура Балгымбаева, корук ботаниги:

- Алардын 3 түрү Кызыл китепке киргизилген. Арасында шренка жоогазыны да бар. Биздин негизги максатыбыз – өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана жоголуп бараткан түрлөрүнө ай сайын мониторинг жүргүзүү. Бул мониторинг өсүмдүктөрдүн мөмө берүү учурунда башталат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков