Туристтер байыркы мунараларды көрүүгө көп кызыга башташты. Кызылордо облусундагы мурда белгисиз курулуштарды көрүп, камерага тартып алуу үчүн аймакка ар кайсы өлкөлөрдөн саякатчылар келип жатат. Мисалы, бул мунара монументалдык көрүнүшү менен өзгөчө. Анын бийиктиги 10 метрге жетет. Түп жагы кенен жана өөдө карай бир аз ичкерип кетет. Кире бериши абдан кууш. Бөтөнчө түзүлүшү аны сырдуу көрсөтөт. Бул мунара чийки кыштан тургузулган.
Еркебулан Елеуов, археолог:
- Бир божомол боюнча, мунаралар коргонуу үчүн курулган. Өзүңөр билгендей, орто кылымдарда согуштар көп болгон. Андыктан душмандын келе жатканын элге кабарлоо үчүн мунарага от жагышкан. Мунаралар эки уруунун чек арасы катары дагы кызмат кылган. Дагы бир божомол боюнча, мунаралардын диний мааниси болгон.
Окумуштуунун айтымында, Борбордук Азияда мунаралар көп кездешет. Бирок алардын көбү так ушул Сыр-Дарыя өрөөнүндө топтолгон. Кызылордо облусунда 20 ашык мунара бар. Анын үстүнө алардын үчөө республикалык маанидеги эстелик макамына ээ. Бирок акыркы мезгилде байыркы архитектура эстеликтери бузула баштаган.
Еркебулан Елеуов, археолог:
- Негизги документти даярдадык. Облустук маслихатка каражат бөлүү тууралуу кайрылуу жөнөттүк. Эгерде биздин кайрылуу жактырылып калса, алдыда тарыхый курулуштар реставрация болот жана алгачкы көрүнүшүнө келтирилет деп үмүттөнөбүз.
Которгон Субанбек Исмакеев