Актөбөдө хун доорунан калган аскердик калдыктар калыбына
келтирилүүдө. Байыркы адамдардын образын калыбына келтирүү түп нусканын
негизинде жүргүзүлөт. Уникалдуу долбоордун аркасында толугу менен калыбына
келтирилген ошол доордун аскердик ок-дары жана ат жабдыктары биринчи жолу
коомчулукка сунушталат. Калыбына келтирүү илимий теорияларды ырастоого негиз
болуп берет. Алардын бири Батыш Казакстандын талаасы эки кылым бою Европаны
басып алган улуу хундардын мекени болгондугун далилдесе болот. Белгилей кетсек,
бардык жумуштарды жыл аягына чейин бүткөрүү мерчемделип жатат. Азыр долбоордун үстүндө ата мекендик жана чет элдик
адистер иштеп жатышат. Оңдоо иштеринен кийин экспонаттар Актөбө тарыхый-чөлкөм
таануу музейине өткөрүлүп берилет.
Аслан Мамедов, облусттук чөлкөм таануу музейинин ага
илимий кызматкери:
-Антропологиялык талдоо көрсөткөндөй, бул башындагы деформациясы бар жаш жигит – бул баш сөөктүн айлануу деформациясы. Бул биздин заманга чейинки 2-4-кылымдарда жашаган хун династиясынын ак сөөк өкүлү болушу мүмкүн.
Белгилей кетсек, акыркы жылдары илимпоздор жүргүзгөн
изилдөөлөрдөн Актөбө облусунда хун дооруна таандык 400дөн кем эмес изилденбеген
эстелик бар экенин көрүүгө болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков