Казакстанда акыркы үч жылда 41 IT мектеп ачылды

Казакстанда акыркы үч жылда 41 IT мектеп ачылды

Казакстанда акыркы үч жылда 41 IT мектеп ачылды. Азыр биздин өлкөнүн IT-мектептеринде 55 миңден ашык казакстандыктар окушат. Бул 2021-жылга салыштырмалуу үч миңге көп, деп билдирет өлкөнүн Билим берүү министрлиги. Белгилей кетсек, билим берүү мекемелери заманбап жабдуулар жана робототехника кабинеттери менен жабдылган. Ошондой эле, студенттер үчүн санариптик билимди жана көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган атайын билим берүү программалары иштелип чыккан. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө IT-мектептердин окуучулары республикалык жана эл аралык олимпиадаларга, жалпы билим берүүчү предметтер боюнча жана робототехника боюнча илимий долбоордук сынактарга активдүү катышууда. Быйыл казакстандык окуучулар информатика боюнча эл аралык олимпиадада эки күмүш жана эки коло медалга ээ болушту.

Которгон: Илгиз Жамалбеков