Жеңишти жакындаткан жоокер

Жеңишти жакындаткан жоокер

«Эр ысымы эл эсинде» Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Шүкир Еркинов тууралуу китеп чыкты. Жазуучу Төлеген Жаңабаев казак баатырынын эрдигин өсүп келе жаткан муунга жайылтып келет. 18 жашында согушка аттанган жоокер айыгышкан салгылашуулардын жана кандуу кагылышуулардын ортосунда жүргөн. Ал батыш фронтунда көрсөткөн эрдиги үчүн үч жолу «Даңк» ордени менен сыйланган. Шүкир Еркинов 1945-жылдын чын Куран айында немис аскерлери жана офицерлери отурган үйгө жалгыз кирип, 25 адамды туткунга алган. 

Төлеген Жаңабай уулу, жазуучу: 

- Эки адамды тирүүлөй девизияга алып барган. Алар Армиянын кайда жана кантип жайгашкандыгы жөнүндө көп маалымат беришкен. Бул Улуу Жеңиш алдындагы акыркы эрдик. Бул үчүн «Даңк» орденинин 1-даражасын алган. Бул өзгөчө эрдик. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков