Астанада жапон өнөрүнүн көргөзмөсү ачылды

Астанада жапон өнөрүнүн көргөзмөсү ачылды

Борбор калаада «Руханий чокуга чыгуу жолунда: жапон искусствосу» аттуу көргөзмө ачылды. Улуттук музейдин төрүнөн орун алган 50гө жакын экспонаттар жапон маданиятынын ар кандай мезгилдерин камтыйт. Алардын ар биринин өзүнүн терең тарыхы бар. Мисалы, көрүүчүлөр дасторкон жаюу салты менен тааныша алат. Маалым болгондой, аталган өлкөнүн эли конокторду күтүүдө дасторконду даярдоого өзгөчө маани беришет. Мында кумура, идиш-аяк, колодон жана токулган бамбуктан жасалган кооздук жана колдонмо буюмдардын ар кандай түрлөрүн кездештирүүгө болот. Белгилей кетсек, агартуучулук иш-чарасы Казакстан менен Жапония ортосундагы дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгына арналат.

Лейла Сарсенбаева, кооз буюмдар галереясынын мүдүрү:

- Мында коюлган буюмдар объекттин өзү жөнүндө маалымат берүүдөн мурун, алардын өндүрүш техникасы менен кызыктуу. Бул негизинен жапон искусство буюмдарынын мүнөздүү өзгөчөлүгү болуп саналат. Мындай өзгөчө стилде жасалган чыгармалардын артында терең ой жатат. Уникалдуу көркөм техника менен улуттук «Дзен» философиясынын гармониясынан жаралган чексиз сулуулукту таануу үчүн аларды көпкө карап туруу керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков