Жетисуда домбрада күүлөрдү массалык түрдө аткаруу боюнча рекорд коюлду

Жетисуда домбрада күүлөрдү массалык түрдө аткаруу боюнча рекорд коюлду

Казакстанда жаңы рекорд коюлду: Жетису облусунда бир эле учурда беш миң аткаруучу домбра чертишти. Бул масштабдуу акция казак улуттук музыкалык аспабынын күнүнө карата уюштурулду. «Үкүлү домбра» иш-чарасына кесипкөй музыканттар да, ар кандай курактагы ышкыбоздор да катышты. Алар Бактыбайдын күүлөрүн жана Абдимомын Желдибаевдин «Ерке сылкым» чыгармасын аткарышты. Аймакта бир жума бою казак искусствосуна арналган майрамдык иш-чаралар – көргөзмөлөр, концерттер жана чыгармачылык кечелер өтөт. 

Бахытжан Тастулеков, Казакстан рекордтор китебинин расмий өкүлү: 

- Мындай иш-чара биринчи жолу Атырауда болуп, ага 1037 адам катышкан. Андан кийин Орал шаарында 1700, кийинчерээк Астана, Түркестан жана Рудный шаарларында үч миңден ашуун катышуучу болгон. Ал эми бүгүн Талдыкорганда эң масштабдуу аткаруу катталды. Биз муну улуттук рекорд деп таанып, Казакстандын рекорддор китебинин кийинки чыгарылышына киргизебиз. 

Которгон: Назира Бегалиева